Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-декабры № 809
Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча улуттук комиссиясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 108-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча улуттук комиссиясы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча улуттук комиссиясынын курамы 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 “Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-августундагы № 106 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 “Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 293 “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 628 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы № 363 “Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын курамын бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 13-декабрындагы № 99 (3756) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча улуттук комиссиясынын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп телекоммуникация чөйрөсүндөгү тармактык жонго салуучунун жетекчиси саналат.
Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча улуттук комиссиясынын мүчөлөрү:
- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү органдын жетекчисинин орун басары;
- ички иштер чөйрөсүндөгү органдын жетекчисинин орун басары;
- өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү органдын жетекчисинин орун басары;
- санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндөгү органдын жетекчисинин орун басары;
- коргоо чөйрөсүндөгү органдын жетекчисинин орун басары;
- телекоммуникация чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучунун жетекчисинин орун басары;
- телекоммуникация чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучунун өкүлү, Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы.