Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-декабры № 821
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын
28-декабрындагы № 885 “Кыргыз Республикасынын
аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө
тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Иштетилген аккумулятордук батареяларды жана майлоочу майларды коопсуз чогултууну, сактоону, эсепке алууну жана утилдештирүүнү камсыз кылуу, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге, Бажы бирлигинин 030/2012 “Майлоочу материалдарга, майларга жана атайын суюктуктарга карата талаптар жөнүндө” техникалык регламентине ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 885 “Кыргыз Республикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө тартибинде:
– 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“24. Иштетилген аккумулятордук батарея (мындан ары – АКБ) –бул автомобилдердин, электромобилдердин, гибриддик автотранспорттун, электросамокаттардын, темир жол, аба, суу транспортунун, ошондой эле атайын жана башка техниканын (щелочтуу, никель-металлогидриддик жана литий-иондук) АКБлары, алар керектөө касиеттерин жоготкондон кийин өзүнүн түздөн-түз арналышы боюнча пайдаланылышы мүмкүн эмес.”;
– 25-пункттагы “чогултууга, сактоого, эсепке алынат жана кайра иштетүүгө берилет” деген сөздөр “чогултулууга, сакталууга, эсепке алынууга, кайра иштетилүүгө, жаңы АКБга алмаштырылууга тийиш” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“26. Иштетилген АКБны чогултуу алардын пайда болгон жерлеринде: ТТС, автосервистерде, соода-базар комплекстеринде, кабыл алуу пункттарында, чогултуучу уюмдарда жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерде жүргүзүлөт. Аларды чогултуу өндүрүштүн жана керектөөнүн башка калдыктарынан өзүнчө ишке ашырылат.”;
– 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“34. Төгүлүп калган учурда төгүлгөн электролитти жыгачтын таарындылары менен жаап, кийин аларды чогултуп, сактоочу жайдан чыгарып салуу керек. Электролит төгүлгөн жерлерди атайын эритме менен тазалоо зарыл, андан кийин суу менен жууп, чүпүрөк менен кургатуу керек. Бардык жумушту жеке коргонуу каражаттары менен аткаруу керек. Электролитти канализацияга төгүүдөн мурда, аны атайын эритме менен тазалоо керек.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 351–356-пункттар менен толукталсын:
“351. Ушул Тартиптин 26-пунктунда көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттер иштетилген АКБлардын эсебин жүргүзүүнү камсыз кылууга, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жана мамлекеттик статистика органына алардын саны жана “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кайра иштетүүгө өткөрүлүшү жөнүндө отчетту тапшырууга милдеттүү.
352. Щелочтуу АКБны ажыратуудан мурун электролит эритмесин коопсуз идишке куюп, атайын эритме менен тазалоо керек.
353. АКБны кайра иштетүү калдыксыз алдынкы технологиялар боюнча экологиялык коопсуз ыкмада жүргүзүлүшү керек.
354. Иштетилген АКБнын пластик, темир, коргошун, никель, литий, кадмий жана башка материалдардан калган бөлүктөрү максималдуу түрдө чыгарылып, экинчилик калдыктарды пайда кылбастан кайра иштетилүүгө тийиш.
355. Иштетилген АКБны, анын айрым бөлүктөрүн катуу тиричилик калдыктары жайгашкан жерлерге таштоого тыюу салынат.
356. АКБны жана башка калдыктарды чогултуу, зыянсыздандыруу, ташуу жана кайра иштетүү менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу адистештирилген ишканалардын лицензиясы болушу керек жана алар “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген кайра иштетүүчүлөрдүн реестринде турушу керек.”;
– 36, 37-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“36. Иштетилген мунай заттары (мындан ары – ИМЗ) болуп пайдалануучулук касиеттерин жоготкон, анын ичинде жумушчу системалардан төгүлгөн, калдыктар катары классификацияланган жана майлоочу материалдарды, майларды жана атайын суюктуктарды алуу максатында гана кайра иштетүүгө (утилдештирүүгө) тийиш болгон майлоочу материалдар, майлар жана атайын суюктуктар саналат.
ИМЗнын сапат паспорту – лабораториялык сыноолордун натыйжасында алынган иштелип чыккан продукциянын сапатынын көрсөткүчтөрүнүн сандык маанилеринин ченемдик документтердин талаптарына шайкештигин белгилөөчү жана даярдоочу тарабынан берилүүчү документ.
ИМЗ менен иш жүргүзүү Бажы бирлигинин 030/2012 “Майлоочу материалдарга, майларга жана атайын суюктуктарга карата талаптар жөнүндө” техникалык регламентинин талаптарына жана ченемдерине шайкеш келүүгө тийиш.
37. ИМЗ төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
ИММ – поршендүү авиациялык, карбюратордук жана дизелдик кыймылдаткычтар үчүн иштетилген мотор майлары, компрессордук, вакуумдук жана индустриялык майлар;
ИИМ – гидросистемалар үчүн индустриалдык иштетилген майлар жана жумуш суюктуктары, газтурбиналык, прибордук, трансформатордук жана турбиналык, компрессордук, гидравликалык, коррозияга каршы, электр изоляциялык майлар;
ИМА – иштетилген мунай заттарынын аралашмасы, анын ичинде мунайды жууп-тазалоочу суюктуктар, металлдарды термикалык иштетүүдө колдонулган майлар, цилиндрдик, октук, трансмиссиялык майлар, прокаттык стандар үчүн майлар, мунай эмульсияларын иштетүүдөн алынган мунай заттары, мунайлуу суулардан жана тазалоочу курулмалардан алынган жана ташуу, сактоо каражаттарын тазалоодо чогултулган мунай жана мунай заттарынын аралашмалары;
атайын суюктуктар – муздатуучу суюктуктар (анын ичинде майлоочу-муздатуучу суюктуктар), тормоз суюктуктары.”;
– 38-пункттагы “иштетилген мунай заттарын” деген сөздөр “ИМЗ” аббревиатурасына алмаштырылсын;
– 39–41-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“39. ИМЗны алгачкы чогултуу алардын пайда болгон жерлеринде: ТТС, автосервистерде, май алмаштыруучу пункттарда, соода-базар комплекстеринде, кабыл алуу пункттарында, чогултуучу уюмдарда жана башка жайларда башка калдыктардан өзүнчө жана атайын жылчыксыз жабылган идиштерде жүргүзүлүүгө тийиш.
40. Ушул Тартиптин 39-пунктунда көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттер пайда болгон ИМЗнын эсебин жүргүзүүгө, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жана мамлекеттик статистика органына алардын саны жана “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кайра иштетүүгө өткөрүлүшү жөнүндө отчетту тапшырууга милдеттүү.
41. ИМЗ бар идиштерди сактоочу чатырчалар жана аянтчалар тосмолор менен курчалып, темир поддон менен жабдылышы керек, суу жана башка заттардын кирүүсүн жокко чыгаруучу катуу каптамасы жана чатыры болууга тийиш.”;
– 43-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“43. ИМЗны колдонууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
– ИМЗ бар идиштерди ысытылган беттердин жанына жакын орнотууга;
– ИМЗ бар идиштерди башка материалдар жана заттар менен бирге сактоого;
– ИМЗны канализацияга, суу объекттерине, топуракка төгүүгө, ошондой эле өрттөөгө;
– ИМЗ менен иштөө үчүн алдын ала нускамадан өтпөгөн же 18 жашка толо элек адамдарды жумушка тартууга;
– жалпы пайдалануудагы көлмөлөргө, топуракка жана канализация тармактарына таштоого (төгүүгө);
– тиричилик жана өнөр жай калдыктары үчүн полигондорго көмүүгө;
– энергетикалык орнотмолор үчүн арналган отун алуу максатында мунай (газ конденсаты), бензин, керосин, отун (дизель, кеме, казан-меш мазуту) менен аралаштырууга;
– кайра иштетүүдөн тышкары, отун катары же башка максаттарда колдонуу үчүн сатууга же берүүгө;
– туруктуу органикалык булгоочу заттарды жана өзгөчө уулуу компоненттерди (полихлорлонгон бифенилдер, полихлорлонгон терфенилдер ж.б.) камтыган ИМЗны кайра иштетүүгө.”;
– 45-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“45. Мүмкүн болгон төгүлүүлөрдү жоюу үчүн кум салынган куту жана күрөк болушу керек. Чогулган кум герметикалык идишке салынып, утилдештирүү үчүн адистештирилген ишканаларга өткөрүп берилет.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 451–455-пункттар менен толукталсын:
“451. ИМЗны идентификациялоо төмөнкүдөй белгилер боюнча жүргүзүлөт: товардык мунай заттарын алуу максатында кайра иштетүү (утилдештирүү) үчүн гана арналган; продукцияны түздөн-түз арналышы боюнча колдонуунун натыйжасында алынган; товардык мунай заттарын алуу үчүн баштапкы чийки зат катары колдонулат.
452. Жүгүртүүгө чыгарылган жана (же) жүгүртүүдөгү ИМЗнын ар бир партиясы ИМЗнын сапат паспорту менен коштолууга тийиш.
ИМЗнын сапат паспорту төмөнкүлөрдү камтышы керек:
– продукциянын аталышы, марканын белгилениши жана арналышы; даярдоочунун же импорттоочунун, же сатуучунун аталышы, анын товардык белгиси (бар болсо), жайгашкан жери, байланыш маалыматтары; ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык продукциянын коопсуздук көрсөткүчтөрүнүн ченемдик маанилери жана сыноолордун иш жүзүндөгү натыйжалары;
– документтин белгилениши, ага ылайык продукция өндүрүлөт (бар болсо); ага ылайык продукция өндүрүлгөн ченемдик документте белгиленген продукциянын көрсөткүчтөрүнүн ченемдик маанилери жана сыноолордун иш жүзүндөгү натыйжалары; сактоо мөөнөттөрү жана шарттары; даярдалган датасы; партиянын номери; паспорттун номери; паспортту тариздеген адамдын колу.
453. ИМЗ кийинки кайра иштетүүгө даярдоо үчүн чогултуу пункттарына тапшырылууга тийиш. ИМЗны сактоо топтор боюнча жүзөгө ашырылат.
454. Чогултуу пункттарына тапшырылуучу ИМЗны кошпогондо, чогултуу пункттарынан кайра иштетүүгө берилүүчү ИМЗ сапат паспорту менен коштолууга жана ушул Тартиптин 3-тиркемесинде баяндалган талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
ИМЗны кайра иштетүү калдыксыз алдынкы технологиялар боюнча экологиялык коопсуз ыкмада жүргүзүлүшү керек.
ИМЗны кайра иштетүүнүн натыйжасында пайда болгон механикалык аралашмалар (чөкмөлөр, шламдар) адистештирилген ишканаларда утилдештирилиши керек.
455. ИМЗны чогултуу жана утилдештирүү боюнча иш улуттук мыйзамдарга жана Евразия экономикалык бирлигинин укугуна ылайык жүзөгө ашырылат.”;
– 46-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“46. ИМЗны жана башка калдыктарды чогултуу, зыянсыздандыруу, ташуу жана кайра иштетүү менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруучу адистештирилген ишканалардын лицензиясы болушу керек жана алар “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген кайра иштетүүчүлөрдүн реестринде турушу керек.”;
– жогоруда аталган Тартиптин тиркемесинде:
жогорку оң бурчундагы “тиркеме” деген сөз “1-тиркеме” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 2, 3-тиркемелер менен толукталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3759) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| Тиркеме |
| "Кыргыз Республикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө 2-тиркеме |
Продукциянын мүнөздөмөлөрүнө карата талаптар
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Пластикалык майлагычтар | Майлар | Атайын суюктуктар |
1. | Өзүнөн-өзү күйүү температурасы***, °С | Аныкталбайт | 165тен кем эмес | Аныкталбайт |
2. | Ачык тигелде жалын чыгуу температурасы, °С | Аныкталбайт | 135тен кем эмес | Аныкталбайт |
3. | Селективдүү эриткичтердин курамы*, % | Аныкталбайт | 0,3төн кем эмес | Аныкталбайт |
4. | 101,3 кПа (760 мм сым. м.) басымында кайноо температурасы, °С, төмөнкүлөрдөн төмөн болбошу керек: |
|
|
|
- муздатуучу суюктуктар үчүн; | Аныкталбайт | Аныкталбайт | Аныкталбайт | |
5. | - тормоздук суюктуктар үчүн | Аныкталбайт | Аныкталбайт | 115 |
6. | Кристалдашуу башталган температурасы, °С, төмөнкүлөрдөн жогору болбошу керек: |
|
|
|
- тоңуусу төмөн муздатуучу суюктуктар үчүн | Аныкталбайт | Аныкталбайт | Минус 35 | |
7. | Суунун камтылышы*, массанын % | "Издери" | Аныкталбайт | |
8. | Механикалык аралашмалардын камтылышы, массанын % | 0,03төн ашык эмес | ||
9. | Полихлордифенилдердин камтылышы**, мг/кг | Аныкталбайт | 50дөн ашык эмес | Аныкталбайт |
10. | Суутек көрсөткүчү (pH) | Аныкталбайт | Аныкталбайт | 6дан 10го чейин |
* - кошулмасыз майлар үчүн; ** - трансформатордук жана кабелдик майлар үчүн; *** - декларациялоо үчүн | ||||
| "Кыргыз Республикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө 3-тиркеме |
Иштетилген продукцияны (майлоочу материалдарды,
майларды) чогултууда, сактоодо (топтоодо) жана кайра
иштетүүгө (утилдештирүүгө) берүүдө-кабыл алууда
алардын сапатынын физикалык-химиялык
көрсөткүчтөрүнө карата талаптар
№ | Көрсөткүчтүн аталышы | Топ үчүн ченем | ||
ММО | МИО | СНО | ||
1. | 50 °С температурадагы кинематикалык илээшкектик, мм2/с (сСт) | 35тен ашык | 5тен 35ке чейин* | - |
2. | Ачык тигелде аныкталган жалын чыгуу температурасы, °С, төмөн болбошу керек | 100 | 120 | - |
3. | Механикалык аралашмалардын массалык үлүшү, %, жогору болбошу керек | 1 | 1 | 1 |
4. | Суунун массалык үлүшү, %, жогору болбошу керек | 2 | 2 | 2 |
5. | Булгануулардын камтылышы | Жоктугу | ||
* Көрсөткүч айрым маркалар үчүн чоңураак болушу мүмкүн | ||||
“. | ||||