Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-декабрындагы № 809 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча улуттук комиссиясы жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Радиожыштыктар боюнча улуттук комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) иш тартибин жана курамын аныктайт.
2. Комиссия радиожыштык спектрин бөлүштүрүү процессинде ведомстволор аралык макулдашууну жүзөгө ашыруучу коллегиалдуу ведомстволор аралык орган болуп саналат.
3. Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жана эксперттик камсыздоону телекоммуникация чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучусу ишке ашырат, ал Комиссиянын катчылыгынын функцияларын аткарат.
2-глава. Комиссиянын негизги функциялары
4. Комиссия жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
1) радиожыштык спектрин пайдалануу, бөлүштүрүү жана конверсиялоо менен байланышкан маселелерди кароодо позицияларды ведомстволор аралык макулдашууну камсыз кылуу, ошондой эле аны натыйжалуу жана рационалдуу колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында радиожыштык ресурсун пайдалануу принциптерин түзүү;
3) Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын иштеп чыгууну жана актуалдаштырууну уюштуруу, ошондой эле аны Эл аралык жыштыктарды бөлүштүрүү таблицасы менен макулдашууну жана шайкеш келтирүүнү камсыз кылуу;
4) мамлекеттик органдардын, телекоммуникация операторлорунун, уктуруу сервистерин берүүчүлөрдүн, уктуруу уюмдарынын жана ведомстволор аралык кызыкчылыктарга тиешеси бар же ченемдик же техникалык макулдашууну талап кылган радиожыштык спектрин башка пайдалануучулардын сунуштарын кароо;
5) радиожыштык спектрин жөнгө салууну өркүндөтүүгө жана аны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган сунуштарды жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизүү.
3-глава. Комиссиянын укуктары
5. Комиссия жүктөлгөн милдеттерди чечүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан, уюмдардан жана башка субъекттерден талдоо жүргүзүү жана сунуштарды даярдоо үчүн зарыл болгон маалыматты суроого;
2) айрым маселелерди кылдат иштеп чыгуу үчүн убактылуу жумушчу топторду, эксперттик чакан комиссияларды жана өз ара аракеттенүүнүн башка формаларын түзүүгө;
3) радиожыштык спектрин пайдалануу маселелери боюнча илимий-техникалык жана эксперттик изилдөөлөрдү, ошондой эле ведомстволор аралык кеңешмелерди өткөрүүнү демилгелөөгө;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин радиожыштык спектрин пайдаланууга тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун кароого жана макулдашууга;
5) радиожыштык спектрин бөлүштүрүү, конверсиялоо, чектөө же пайдаланууну токтотуу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алууга;
6) Комиссиянын ишине эксперттерди жана консультанттарды тартууга.
4-глава. Комиссиянын курамы
6. Комиссия төрагадан, жооптуу катчыдан жана Комиссиянын мүчөлөрүнөн турат.
7. Комиссияны төрага жетектейт, ал Комиссиянын ишин башкарат.
8. Комиссиянын мүчөлөрү ээлеген кызмат орундарынан бошотулган учурда комиссиянын курамындагы алардын функцияларын тиешелүү кызмат орундарына жаңыдан дайындалган адамдар аткарат.
9. Комиссиянын иши акысыз негизде жүргүзүлөт.
5-глава. Ишти уюштуруу жана чечимдерди кабыл алуу
10. Комиссиянын жыйналыштары зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
11. Комиссиянын жыйналыштары видеоконференциялык байланышты пайдалануу менен аралыктан өткөрүлүшү мүмкүн.
12. Чечимдерди кабыл алуу үчүн кворум бекитилген курамдын жарымынан кем эмесин түзөт.
13. Чечимдер Комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп саналат. Жооптуу катчы Комиссиянын жыйналышына добуш берүү укугусуз катышат.
14. Комиссиянын жооптуу катчысы Комиссиянын мүчөлөрүнө жыйналыштын датасы, убактысы жана күн тартиби жөнүндө беш жумуш күндөн кечиктирбестен кабарлоого, ошондой эле зарыл болгон материалдарды жиберүүгө милдеттүү.
15. Жыйналыштардын жыйынтыктары протокол менен таризделет, ага төрага жана жооптуу катчы кол коёт.
16. Радиожыштыктар боюнча улуттук комиссиянын чечимдери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими же телекоммуникация чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучунун актысы менен таризделет. Чечимдер телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучунун сайтында чечим (акт) кабыл алынгандан кийин үч жумуш күндөн кечиктирбестен жарыяланат.
17. Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына өзгөртүүлөр комиссиянын оң чечими чыккан күндөн тартып эки жыл өткөндөн кийинки жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
18. Купуя мүнөздөгү маалымат берилген учурда жыйналыштын катышуучулары анын жашыруундуулугун сактоого милдеттүү. Купуялуулук даражасын аныктоо укугу жыйналышта төрагалык кылуучуга таандык.
19. Керектүү документтерди даярдоо, Комиссияга уюштуруучулук, методикалык жана башка жардамдарды көрсөтүү телекоммуникация чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу тарабынан жүзөгө ашырылат.