З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 18-марты № 3/1
“2025-жылдын 24-январындагы №2/14 Мекемелер, жеке ишкерлер үчүн калктуу конуштардан таштандыларды чыгаруунун ставкасын бекитүү жѳнүндѳ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ”
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 73, 74, 75-беренелерине, 76-беренесинин 2 - жана 3-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрында №662 токтомунун калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибинин 3-пунктуна ылайык,
З.КАЙНАЗАРОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. З. Кайназарова айыл аймагынын аймагында таштанды чыгаруу үчүн жыйым ишке киргизилсин.
2. Жеке жана юридикалык жактар - ишкердик иши үчүн төмөнкүдөй бекитилсин:
1) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө.
2) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө мөөнөтү жыл сайын 1-майга чейин.
3) Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-июнга чейин.
3. Токтомдун атакарылышына көзөмөлдү З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.Б.Ибраимов |