Редакцияот 12.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 12-сентябры № 104

 Сары-Алтын айылынын тургуну Сатторов Тинчликбек Тухтаматович жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө

Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Алтын айылынын тургуну Сатторов Тинчликбек Тухтаматович 120,0 чарчы метр бөлүгүн “мөмө-жемиш сактоочу жай” куруу максатына багытын өзгөртүү боюнча кайрылуусун карап чыкты.  Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана тиешелүү мыйзам актыларына ылайык каралып, жергиликтүү деңгээлде айыл чарба продукциясын сактоо, ишкердикти өнүктүрүү жана элге кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында  Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Майдан айыл аймагын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сары-Алтын айылынын тургуну Сатторов Тинчликбек Тухтаматович  120,0 чарчы метр жерге мөмө-жемиш сактоочу жай куруу максатында пайдалануугаөзгөртүүгө макулдук берилсин.
  2. Жогоруда көрсөтүлгөн 120,0 чарчы метр жер аянтын мыйзам чегинде документтештирүү үчүн тиешелүү материалдар Архитектура жана шаар куруу бөлүмүнөжөнөтүлсүн.
  3. Майдан айыл өкмөтүнө бул токтомго ылайык иш кагаздарын даярдоо жана багытты өзгөртүү боюнча тиешелүү мыйзам чегиндеги иштерди жүргүзүү тапшырылсын.
  4. Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.

 

 

Төрага

А.Юлдашов