Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-декабры № 856
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин калкты каттоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатуу, калкты документтештирүү жана каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө жарандар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган санариптик трансформацияны андан ары өркүндөтүү үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 167 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген ID-картага жана жалпы жарандык паспортко документтерди кабыл алуу, тариздөө, жекелештирүү, эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада:
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 17-пунктча менен толукталсын:
“17) нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасы (мындан ары – НБМС) – нотариалдык иш жөнүндө маалыматты топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо процесстерин комплекстүү автоматташтыруу жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн (алмашуунун) бардык түрлөрүн камсыз кылуу үчүн арналган мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык система.”;
– 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“16 жашка толо элек баланы жалпы жарандык паспорт менен документтештирүүдө каттоонун же консулдук эсепке алуунун болушу талап кылынбайт.”.
– 20-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси жок учурда) паспорттору – КБМРде маалыматтар болбогондо же көрсөтүлгөн документти “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү болбогондо же болбосо 16 жашка толгон адамдын жалпы жарандык паспорту же арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө корутунду;”;
– 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
“4) улуту өзгөргөн учурда:
– алмаштырылууга тийиш болгон ID-карта;
– ар башка улуттагы ата-энесинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
– улутун өзгөртүү тууралуу аймактык бөлүмдүн корутундусу. Улутту өзгөртүү тартиби калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.”;
– 30-пунктта:
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси жок учурда) паспорттору – КБМРде маалыматтар болбогондо же көрсөтүлгөн документти “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо же баланын жалпы жарандык паспорту (бар болсо) – КБМРде маалыматтар болбогондо же 16 жашка чыга элек баланын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө аймактык бөлүмдүн корутундусу;”;
3-пунктчанын экинчи абзацы “паспортту алууга ата-энесинин” деген сөздөрдөн кийин “(КБМРде маалыматтары болбогондо)” деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзац “көрсөтүүгө ишеним кат” деген сөздөрдөн кийин “(КБМРде маалыматтар болбогондо)” деген сөздөр менен толукталсын;
төртүнчү абзац “өтүнүч катты тариздөөгө” деген сөздөрдөн кийин “(КБМРде маалыматтар болбогондо)” деген сөздөр менен толукталсын;
– 31-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси жок учурда) паспорттору же арыз ээсинин ID-картасы – КБМРде маалыматтар болбогондо же көрсөтүлгөн документти “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо же арыз ээси ID-карта менен документтештирилбесе – арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы жөнүндө корутунду.”;
– 45-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– мыйзамдуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документти же мыйзамдуу өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним катты (КБМРде маалыматтар болбогондо).”;
– 46-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
3) экинчи жалпы жарандык паспорт берилген учурларды кошпогондо, алмаштырылууга тийиш болгон паспортту алып коюуга, аны ушул Нускамада белгиленген тартипте жараксыз абалга келтирүүгө.
Эгерде арыз ээси алынууга тийиш болгон паспортту жоготкондугуна байланыштуу алмаштырылууга тийиш болгон паспортту алууга мүмкүн болбогон учурда, жекелештирилген ID-карта же жалпы жарандык паспорт арыз ээси тарабынан аймактык бөлүмдүн же чет өлкөдөгү мекеменин жетекчисинин атына АМС аркылуу жекелештирилген ID-картаны же жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылууну бергенден кийин арыз ээсине же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет, анда алынууга тийиш болгон паспорт качан жана кандай жагдайларда жоголгондугун баяндайт;”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 435 “Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо жана каттоо эсебинен чыгаруу эрежелери жөнүндө жободо:
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 14-пунктча менен толукталсын:
“14) нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасы (мындан ары – НБМС) – нотариалдык иш жөнүндө маалыматты топтоо, иштеп чыгуу жана сактоо процесстерин комплекстүү автоматташтыруу жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн (алмашуунун) бардык түрлөрүн камсыз кылуу үчүн арналган мамлекеттик автоматташтырылган маалыматтык система.”;
– 23-пункт “Нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча” деген сөздөрдөн кийин “(КБМРде маалыматтар болбогондо)” деген сөздөр менен толукталсын;
– 24-пункт “жеке жактар үчүн” деген сөздөрдөн кийин “(КБМРде маалыматтар болбогондо)” деген сөздөр менен толукталсын;
– 33-пункт “бардык менчик ээлеринин” деген сөздөрдөн кийин “(КБМРда маалыматтар болбогондо)” деген сөздөр менен толукталсын;
– 35-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“– нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат боюнча каттоо эсебинен чыгарууга жол берилет (КБМРде маалыматтар болбогондо), мында ишеним берилген адамдын арыз берүүгө жана каттоо эсебин жүргүзүүгө ыйгарым укуктары ишеним катта атайын эскертилүүгө тийиш.”.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |