Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 11-апрели № 39/6-9
2024-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 44-беренеси, Талас шаарынын мэриясынын 28.04.2025-жылдагы №01-19/1015 чыгыш сандуу 2024-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн 37 652, 70 сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда 2024-жылдын жыйынтыгы менен кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн 37 652,7 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлүп, бекитилсин.
- Талас шаарынын аймагында 2024-жылдын аягына карата абалы боюнча малдарды жана үй канаттууларын кайра саноого байланышкан чыгымдарды каржылоо үчүн 2215 беренесине 193,5 миң сом акча каражаты Талас шаарынын мэриясы аркылуу каржылансын.
- Ар кандай чыгымдар 2215 жана 2222 сатып алуу беренелерине 50,0 мин сом акча каражаты Талас каржы башкармалыгы аркылуу каржылансын.
- Талас шаарынын Бердике Баатыр көчөсүнө саркынды суу түтүктөрүн киргизүү үчүн 3111 беренесине 37 259,2 мин сом акча каражаты Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы муниципалдык ишканасы аркылуу каржылансын.
- Талас шаардык Аксакалар сотуна уюштуруу иштерин камсыз кылуу үчүн 150.0 мин сом акча каражаты бөлүнүп, Талас шаарынын мэриясынын 2215 беренеси аркылуу каржылансын.
2. Талас каржы башкармалыгына (Ж.М.Ниязалиев) бөлүнгөн акча каражатын өз убагында каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Суйунтбеков А.О.) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |
Талас шаарынын 2025-жылдын 1-январына карата кирешелердин чыгашалардан ашкан бөлүгүн түзгөн 37 652 730 сом акча каражатынын 2025-жылы ишке ашырыла турган долбоорлорго бөлүштүрүлүшү тууралуу маалыматы
катар № |
Мекеменин, ишкананын аталышы |
Чыгымдар беренеси |
Жумуштун, товардын жана иш чаранын аталышы | Керектелүүчү каражаттын көлөмү, миң сом менен |
2025-жылдын 1-январына карата кирешелердин чыгашалардан ашкан бөлүгү | 37,652.70 | |||
1 | Талас шаарынын мэриясы | 2215 | Талас шаарынын аймагында 2024-жылдын аягына карата абалы боюнча малдарды жана үй канаттууларын кайра саноого байланышкан | 193.50 |
2 | КРФМ Талас финансы башкармалыгы | 2222 | Канцелярдыкжана башка чарбалык буюмдарды сатып алууга | 50.00 |
3 |
Талас шаардык аксакалдар соту |
2215 | Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 19- февралындагы "Аксакалдар соту жөнүндөгү" № 52 Мыйзамынын "Аксакалдар сотторунун ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу" боюнча 38-беренесинин талаптарына ылыйык |
150.00 |
4 |
|
3111 | Бердике Баатыр көчөсүнө саркынды сууларды чыгаруу тутумун орнотуу жана ишке берүү |
37,259.20 |
| Жыйынтыгы |
|
| 37,652.70 |
Талас шаарынын мэри |
| Б.К. Астанакулов |