Редакцияот 12.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 12-сентябры № 120

Кара-Жыгач айылынын тургуну Акпаралиева Жазгулдун кайрылуусу жөнүндө

Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын тургуну Акпаралиева Жазгулдун кайрылуусун карап чыгып, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусуна таянып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кара-Жыгач айылынын тургуну Акпаралиева Жазгулдун эскиден пайдаланып жүргөн 0,10 га жерин мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берилсин.

2.    Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык иш кагаздарын даярдоо         тапшырылсын.

3.    Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы өз көзөмөлүнө алсын.

 

 

Төрага

А.Юлдашов