Редакцияот 12.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 12-сентябры № 126

Көк-Талаа айылынын тургуну Каратаева Гулнаранын кайрылуусу жөнүндө

Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылынын тургуну Каратаева Гулнаранын  кайрылуусун канааттандыруу максатында Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылындагы жывпром участкасындагы 0,18га эгин экенге жараксыз жерди өздөштүрүүгө келишимдин негизиде узак мөөнөткө берүүгө макулдук берилсин.

2.    Жер тилкесин пайдалануу укугу белгиленген тартипте жана келишимдин негизинде берилсин

3.    Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.

 

 

Төрага

А.Юлдашов