Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз V- сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 46
Салыктын ставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 379-беренисине ылайык имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн салыктык ставкасын 2025-2027-жылдарга бекитүү боюнча талкуулап чыгып, Каракол айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл аймагы боюнча 2025-2027-жылдарга имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн салыктын орточо ставкасы 1 чарчы метрге 16,75 болуп бекитилсин.
2. Тиешелүү токтом менен иш алып баруу жагы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы К.М.Мамажановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каракол айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Э. Р. Тилекова |