Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жыл 07-июну №10
Чаткал райондук өнүктурүү фондуна сунуштоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин 14.05.2024-жылдагы №01-19/174 чыгыш сандуу “Ыдырыс-Ата” күмбөзүнө зыярад кылуу үчүн келген адамдарга жакшы шарт түзүү үчүн тапчандарды оңдоп түзөөгө керектүү акча каражатын бөлүп берүү боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Жаңы-Базар айылындагы “Ыдырыс-Ата” күмбөзүн оңдоп түзөө иштерине керектелүүчу акча каражаты такталсын. Такталган акча каражатын Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевге тапшырылсын, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |