Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-декабры № 814
Кыргыз Республикасында жүктөрдү авиаташууларды өнүктүрүү боюнча айрым чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасында жүктөрдү аба аркылуу үзгүлтүксүз ташууларды өнүктүрүүгө дем берүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын аэропортторунда учуу-конуу менен жүктөрдү ташууларды жүзөгө ашыруучу, максималдуу учуу массасы 200 (эки жүз) тоннадан кем эмес аба кемелерин аэронавигациялык тейлөөгө төмөнкүдөй жеңилдиктерди берсин:
1) айына 100дөн көп учуу-конуу аткарганда – аэронавигациялык тейлөөгө жыйымдардын ставкаларынан 10 пайыз түрүндө;
2) айына 130дан көп учуу-конуу аткарганда – аэронавигациялык тейлөөгө жыйымдардын ставкаларынан 15 пайыз түрүндө;
3) айына 150дөн көп учуу-конуу аткарганда – аэронавигациялык тейлөөгө жыйымдардын ставкаларынан 20 пайыз түрүндө;
4) айына 200дөн көп учуу-конуу аткарганда – аэронавигациялык тейлөөгө жыйымдардын ставкаларынан 20 пайыз түрүндө, ошондой эле түнкү убакытта саат 22:00дөн 06:00гө чейин (жергиликтүү убакыт боюнча) аба кемелерин аэронавигациялык тейлөө үчүн төлөөдөн бошотуу.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 23-декабрындагы № 101 (3758) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |