Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз V- сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 48
Элдик Жыйындын чечимдерин бекитүү жөнүндө
Элдик Жыйындын чечимин карап жана талкуулап чыгып, Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын элге, малчыларга, техника айдоочуларга сунушталган тарифтер алымча кошумчасы менен бекитилсин.
№ | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Өлчөм бирдиги | Кызмат көрсөтүүнүн наркы Арал, Үч-Эмчек/ Көпүрө-Базар | Керектелүүчү күйүүчү майдын көлөмү | Жеке менчик техникалардын наркы |
1 | Жер айдоо | га | 1800 сом | 25 л | 2000 |
| тегиздөө | га | 1000/ 800 сом | 10 л | 1000/ 800 |
| себүү | га | 800 сом | 10 л | 1000 /800 |
| чым майдалоого | га | 1500 сом | 15 л | - |
| германка менен чөп чабуу | га | 1300 сом | 10 л | 1500 |
| косилка | га | 1000 сом | 10 л |
|
| шалбаа чөп чабуу | га | 1500 сом | 15 л/10 л | 2000 |
| тырмоо | га | 700 сом | 10 л | 800 |
| престөө | га | 15 сом жиби ичинде | 10 л | 15 сом жиби ичинде |
| шалбаа чөп таңдыруу | га | 15 сом жиби ичинде | 10 л | 15 сом жиби ичинде |
| эгин чабуу | га | 2000/1500 сом | 25 л | 2000 |
| Чөп жана эгин ташуу келишим баада |
|
|
|
|
| Экскватордун кызмат көрсөтүүсү (жүктөө) | ГАЗ-53/КАМАЗ | 500 сом/1000сом, 500/700 сом. | Майы ичинде | - |
| Таш, кум, топурак жүктөө үчүн жүктөгүчтүн кызмат көрсөтүүсү | 1 рейс КАМАЗ/ГАЗ -53 автоунаалары үчүн | 600/1000 | 6 литр/4 литр |
|
| КАМАЗ автоунаасынын кум, таш, суунун кумун ташуу үчүн | 1 рейс КАМАЗ автоунаасы үчүн | 1000 сом | 10 литр |
|
| Ар кандай жумуштарга Грейдердин кызмат көрсөтүүсү | 1 саат | 2000 сом | 25 литр |
|
| Чоң арык тартуу | метр | 3 сом |
| - |
| Шак тартуу | га | 300 сом | 5 л | - |
| Капалка | 10 сотых | 500 | 3 л | - |
| Таза суу киргизүүгө каздыруу, оро, ажаткананын ордун казуу | 1 пагоно/ метр | 100 сом/1500 | Майы ичинде | - |
Эскертүү: Трактордун прицеби айылда жамандык болгондо отун алууга берилет, керектелүүсү 20 литр күйүүчү майды айыл тургуну көтөрөт. Атайын белгиленбеген жерге уруксатсыз таштанды төккөн айыл тургундарына 10000 (он миң) сом өлчөмүндө айып пул салынат. Чым майдалоо техникасы муктаждыгына жараша Үч-Эмчек айылына жиберилип турсун. | |||||
| Таза суу төлөмдөрү | Түтүнгө/ айына | 100 сом |
|
|
| Мончо жаккандарга | айына | 500 сом |
|
|
| Таштанды чыгаруу төлөмү | Түтүнгө/ айына | 80 сом |
|
|
| Үлүш жерин сугаргандарга | Мураб акысы | 300 сом, Көпүрө-Базар айылы үчүн кошумча кароолчуга 100 сом |
|
|
| Жылкы | 1 баш | 600 сом |
|
|
| Уй (бодо мал) | 1 баш | 600 сом |
|
|
| Кой-эчки | 1 баш | 100 |
|
|
ЖАЙЫТ салыгы | |||||
| Бодо мал | 1 жылга мал башына | 100 сом |
|
|
| Кой-эчки | 1 жылга мал башына | 30 сом |
|
|
| Жакынкы жайытта багылган бодо малга | 1 жылга мал башына | 100 сом |
|
|
| Топоз | 1 башына | 500 сом |
|
|
Эскертүү: Жакынкы жайлоого көчүү 1-майга чейин, ал эми алыскы жайлоого көчүү 10-июнга чейин. Жайлоодон 25-сентябрдан кийин көчүп келишсин 1-октябрга чейин малы менен бөксө жайлоолордо болсун. 01.04.2025-ж – 1.10.2025-жылга чейин жакынкы сарайлардын жайыттарына, элдин үлүш жерлерине, аңыздарга мал жаюууга тыюу салынсын. Жакынкы сарайда калуучулар 2 баш уйдан ашык мал кармалбасын, андан тышкары эрте кочкорлорду бөлүп келип жайгандарга, ашыкча мал кармагандарга тыюу салынсын. Жайыттардын тардыгына байланыштуу сырттан мал алып келип баккандарга Укук бузуулар кодексинин 251-252-беренелеринин негизинде айып пулдар салынат. Камалган малга Укук бузуулардын 124-статьянын негизинде айып пул салынат. Жогорудагы эскертүүнү бузгандарга Укук бузуулар кодексинин негизинде административдик айып пул салынат жана келтирилген зыянды жер ээсине 100% төлөп берет. | |||||
1. Камакка түшкѳн малга: бир баш бодо малга, жылкыга 500 сом, кой-эчкиге 200 сом өлчөмүндө кароолчуга тѳлѳп беришсин.
2. Малчыга мал кошо турган жарандар (жылкы, уй, кой ээлери), малын дарылатып ветврачтан справка алып, малчыга ѳткѳрүп беришсин.
3. Таза суу киргизүүгө тариф 1000 (миң) сом болсун.
4. Топоз баккандардын жайытына чек коюу, сырттан мал алып келип багууга чектөө киргизүү жана бул маселе боюнча иш алып баруу жагы айылдагы жеке вет. Сервистерге, айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине кеңештин чечими менен протоколдук тапшырма катары аткаруу жагы сунушталсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрайым |
| Э. Р. Тилекова |