Редакцияот 12.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 12-сентябры № 130

Кара-Жыгач айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө

Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын тургундарынын кайрылуусун канааттандыруу максатында, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын тургундарынын кайрылуусу канааттандырылып, жайыт жеринен мотоцикл тебүү үчүн жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2.    Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы жер адистерге милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.

 

 

Төрага

А.Юлдашов