Редакцияот 12.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 12-сентябры № 135

Так-Тек айылынын тургундарынын кайрылуусу жөнүндө

Так-Тек айылынын тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, социалдык маселелерди кароо боюнча комиссиянын оң корутундусуна негизденип, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Так-Тек участкасындагы Майдан айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан көчөгө «Олуя-Ата көчөсү» деп ысым ыйгарылсын.

2.    Ушул токтомго ылайык тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Майдан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.    Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы өз көзөмөлүнө алсын.

 

 

Төрага

А.Юлдашов