Редакцияот 12.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезексиз VIII-сессиясы

 

2025-жылдын 12-сентябры № 139

Көк-Талаа айылынын тургуну Абылкасымов Гияздын кайрылуусу жөнүндө

Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешине Көк-Талаа айылынын тургуну Абылкасымов Гияз тарабынан жер маселеси боюнча кайрылуу келип түшкөн. Кайрылууну карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылынын тургуну Абылкасымов       Гияздын жер маселеси боюнча жеринде тактоо жүргүзүлүп, тиешелүү акт түзүлсүн.

2.    Бул токтомдун аткарылышы Майдан айыл өкмөтүнүн жумушчу комиссиясына жүктөлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы              Э.Абдилатовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

А.Юлдашов