Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезексиз IХ-сессиясы

 

2025-жылдын 10-октябры № 157

 Майдан  айылынын тургуну Гапаров Асланбек Абибиллаевичтин кайрылуусу жөнүндө

Майдан айыл өкмөтүнө караштууМайдан  айылынын тургуну Гапаров Асланбек Абибиллаевичтинкайрылуусу каралып чыгып, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусуна таянып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Майдан   айылынын тургуну Гапаров Абибиллага турак жай куруу үчүн берилген жеке менчик жер тилкесинин ичинен уулу Гапаров Асланбек Абибиллаевичке 0,10 га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.    Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык мыйзам чегинде тиешелүү иш      кагаздарын даярдоо тапшырылсын.

3.    Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы өз көзөмөлүнө  алсын.

 

 

Төрага

А.Юлдашов