Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2025-жылдын 27-мартындагы №5/1
« Кербен шаарынын аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларына мүчѳлѳрүн кайрадан киргизуу жѳнүндѳ»
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт деп эсептелинет, ушул Мыйзамга негиз Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 20-мартындагы № 01-20/603 сандуу катын ошондой эле Кербен шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, регламент, этика, социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 24-мартындагы № 7 токтомун карап жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кербен шаарынын участкалык шайлоо комиссиясына 5 (беш) жылдык мөөнөткө сунушталган талапкерлердин тизмеси бекитилип берилсин (тиркеме).
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, регламент, этика, социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Баназаровго жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: | А.Базарбаев |