Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2025-жылдын 27-мартындагы №5/2
« Кербен шаарынын “Ардактуу атуулу” намын берүү боюнча иштелип чыкан жообону бекитүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомуна негиз Кербен шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, регламент, этика, социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 24-мартындагы № 7 токтомун карап жана талкуулап чыгып Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кербен шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү боюнча иштелип чыкан жообо бекитилип берилсин. (тиркеме).
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеңешинин
мыйзамдуулук, регламент, этика, социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Баназаровго жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: | А.Базарбаев |