Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2025-жылдын 27-мартындагы №5/3
«Туризм багытын жакшыртуу максатында Жайык айылындагы Орбита лагеринде курулуп бүткөн “Гремплинг” эс алуу жайын Кербен шаардык мэриясынын балансына алуу жөнүндө»
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында «Муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине жана Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 24-мартындагы № 01-20/642 сандуу катын ошондой эле Кербен шаардык кеңешинин суу ресурстары, муниципалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-мартындагы № 3 токтомун карап жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жайык айлындагы Орбита лагеренде жайгашкан “Гремплинг” эс алуу жайы жер тилкеси жана курулуштары менен Кербен шаарынын мэриясынын балансына алууга макулдук берилсин.
2.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал- Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы суу ресурстары, муниципалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ч.Мамытовго жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: | А.Базарбаев |