Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2025-жылдын 27-мартындагы №5/4
« Кербен шаарынын борборундагы жалпы аянты 1.90 га “Жаштык” стадионунун эс алуу жана Луна-парк курууга багытын алмаштууру жөнүндө »
Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 24-мартындагы № 01-20/644 сандуу катын ошондой эле Кербен шаардык кеңешинин суу ресурстары, муниципалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-мартындагы № 3 токтомун карап жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кербен шаарынын борборунда жайгашкан жалпы аянты 1,90 га “Жаштык” стадионунун эс алуучу Луна-парк жана сверк куруу үчүн багытын алмаштууруга макулдук берилсин.
2.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал- Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы суу ресурстары, муниципалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ч.Мамытовго жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: | А.Базарбаев |