Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2025-жылдын 27-мартындагы №5/5
«Туризм багытын жакшыртуу максатында Жайык айылындагы Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын балансында турган “В.Линский” эс алуу жайын Кербен шаардык мэриясынын балансына алуу жөнүндө»
Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 24-мартындагы № 01-20/644 сандуу катын ошондой эле Кербен шаардык кеңешинин суу ресурстары, муниципалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 25-мартындагы № 3 токтомун карап жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жайык айлындагы жайгашкан “ В.Линский” эс алуу жайы жер тилкеси жана курулуштары менен Кербен шаарынын мэриясынын балансына алууга макулдук берилсин.
2.Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал- Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө
кирет.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы суу ресурстары, муниципалдык мүлк, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ч.Мамытовго жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: | А.Базарбаев |