Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясынын
2025-жылдын 17-апрелиндеги №6/1
«Райондук мамлекеттик администрациянын түндүк тарабында Т.Үметалиев көчөсү тарапта жайгашкан өрнөктүү инсандардын бюсттерин, союз мэзгилинде орнотулган В.И.Лениндин бюстун ошондой эле райондук маданият үйүнүн алдындагы Афган-Баткен согушунун катышуучуларынын урматына коюлган бронетранспорт-согуштук унаасын (БТР) шаардык борбордук бөлүгүндөгү Токтогул атындагы паркынын аймагына көчүрүү жөнүндө»
Аксы райондук малекеттик администрациясы 2025-жылдын
9-апрелинде № 01-16/1612 каты менен кайрылган. Кербен шаардык кеңешинин суу ресустары, муниципиалдык мүлк, экология жана агрардык маселери боюнча туруктуу комиссиясы жана өнөр жай, жол, транспорт, энергетика, курулуш, соода, спорт жана туризм маселери боюнча туруктуу комиссиялары биргеликте 2025-жылдын 10-апрелинде кабыл алган токтомун карап жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кербен шаарынын Үметалиев көчөсүндө жайгашкан өрнөктүү инсандардын бюсттарын Ниязалы көчөсүндөгү паркта орнотулган Нусуп бийдин айкелинин чыгыш тарабына көчүрүүгө макулдук берилсин.
2.Кербен шаарынын Үметалиев көчѳсүнүн түндүк тарабына райондук мамлекеттик администрациясынын жаңы имаратын жана борбордук аянт курууга макулдук берилсин.
3.Владимир Ильич Лениндин бюстун жылдыруу боюнча Кербен шаарынын мэриясынын кароосуна калтырылсын.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеңешинин суу ресустар, муниципиалдык мүлк, экология жана агрардык маселери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ч.Мамытовго жүктөлсүн
Кербен шаардык кеңешинин төраганын орун басары: | Г.Койчубекова |