Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 31-декабры № 1167-т
Жыргалаң дарыясында чакан гидроэлектростанцияны куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Жыргалаң Энерго” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Жыргалаң дарыясында чакан гидроэлектростанцияны куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуунун расмий тилдеги долбоору тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын энергетика министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |