Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жыл 07-июну №11
Жер семирткич алууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин 13.05.2024-жылдагы №01-19/164 чыгыш сандуу Каныш-Кыя жайыт комитетинин төрагасынын кайрылуусунун негизинде 360 000 (үч жүз алтымыш миң) сом акча каражатын сурап жазган кайрылусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя жайыт комитетинин азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу максатында 40 га жерге буудай жана 20 га жерге эгилген арпа үрөөндөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жер семирткич алууга 360 000 (үч жүз алтымыш миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя жайыт комитетинин төрагасы У.Орозбаевге жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго тапшырылсын, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |