Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-марты №30/5-6
Токмок шаарынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 21-февралындагы кириш №01‑07/37 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 26‑февралындагы отурумунун №7 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын бюджети киреше жана чыгаша боюнча 2025-жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен – 401 452,2 миң сом суммасында (анын ичинде: бюджеттик каражаттар – 361 978,2 миӊ сом, атайын каражаттар - 39 474,0 миӊ сом), 2026‑жылга болжол - 428 012,4 миң сом (анын ичинде: бюджеттик каражаттар – 388 538,4 миӊ сом, атайын каражаттар – 39 474,0 миӊ сом), 2027-жылга болжол – 461 554,9 миң сом (анын ичинде: бюджеттик каражаттар – 422 080,9 миӊ сом, атайын каражаттар – 39 474,0 миӊ сом), №1, 2, 2/1 тиркемелерге ылайык жана 2025-2027-жылдарга киреше бөлүгү боюнча жөнгө салуу планы № 3 тиркеме ылайык бекитилсин.
2. 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын жана 2026-2027-жылдарга болжолун анык алынган кирешенин чегинде, ошол эле учурда биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул), коммуналдык кызматтарын, көмүр алууну, ошондой эле шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карыздарын жабууга каржылоо белгиленсин.
3. Токмок шаарынын жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай каражат 2025-жылдын 1-январына карата 250,0 миң сом суммасында белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.):
-Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетин аткаруу процессинде, экономикалык кырдаал өзгөрүлгөн учурларда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен 2025-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планды тактоо боюнча иштер квартал сайын жүргүзүлсүн;
- 2025-бюджеттик жылдын ичинде 2024-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызын жабуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгына шаардын жергиликтүү бюджетин аткарууда өндүрүштүк муктаждык болгон учурда шаардык бюджетти алуучулардын сунушу боюнча жана Токмок шаарынын мэриясынын тескемесине ылайык бөлүмдүн чегинде (эмгек акыдан жана социалдык фондго чегерүүлөрдөн тышкары) жана бюджеттик жылдын кварталынан кварталына чейин бюджеттик ассигнованиелердин чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилсин.
6. Бюджеттик каражаттардын башкы башкаруучусуна (Токмок шаарынын мэри) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесине ылайык төмөнкү укуктар берилсин:
-бюджеттик чыгашалар каражаттардын жалпы ассигнованиелеринин экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосундагы жана ар бир башкы тескөөчү (тескөөчү, алуучу) өз-өзүнчө бюджеттик каражаттардын чыгашаларынын жыйынды көлөмүнүн белгиленген лимити (5 пайыздан ашпашы керек) менен кайра бөлүштүрүлсүн.
-шаардын жергиликтүү бюджетин аткарууда зарылчылык жаралса, белгиленген чектен (5 пайыз) ашып кетсе, бюджеттик ассигнованиелерди чыгашалардын бөлүмдөн бөлүмгө которууга, Токмок шаарынын мэринин кайрылуусунун негизинде жүзөгө ашырылат. Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунда кароо менен кийин шаардык кеңештин сессиясында бекитилет.
7. Шаардын жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер келип түшкөн учурларда, көрсөтүлгөн каражаттардын максаттуу багытта колдонулушу үчүн Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизилет жана шаардык кеңештин сессиясында бекитилет. Түшкөн каражаттар биринчи кезекте 2024-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин коммуналдык кызматтар жана башка биринчи кезекте каржылануучу чыгашалар беренелери боюнча, ошондой эле шаардын калкына берилген жылуулук энергиясын субсидиялоого жөнөтүлсүн.
8. Токмок шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы (Намазалиев А.А.):
-экономиканын көмүскө секторун мыйзамдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен салыктарды жана төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн;
-салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча бекитилген пландардын ай сайын аткарылышын камсыздасын;
-жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр калдыктарын кыскартуу боюнча иштерин күчөтсүн;
-ай сайын шаардын жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин салыктар жана салык эмес кирешелердин бардык түрү боюнча келип түшүүлөр жана чегерүү боюнча керектүү маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунуштасын.
9. Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (Туратбек уулу А.):
-ай сайын төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча бекитилген пландын көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын камсыз кылсын;
-шаардын муниципалдык менчигиндеги объектилерди жана жерлерди натыйжалуу пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен төлөмдөрдү жана жыйымдарды көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн;
-ай сайын шаардын жергиликтүү бюджеттин муниципалдык менчиктеги объектилерден пайдалануудан түшкөн жана чегерүү боюнча кирешелердин, төлөөчүлөр жана ижарачылар боюнча (юридикалык жана жеке жактар) маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунуштасын.
10. Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинен “Менин шаарым – Мой город” муниципалдык мекемесине, 281,9 миң сомго көбөйүп штаттык ирээттемеге өзгөрүү киргендигине байланыштуу, 10 штаттык бирдигин камсыздоого 3 057,5 миң сом суммасында каражат каралсын, бардыгы 3 339,4 миң сом.
11. Токмок шаарынын “Коммуналдык ишканалар комбинатыны” муниципалдык ишканасына 40 130,0 миң сом суммасында каражат каралсын.
12. Токмок шаарынын “Токмок Жол Курулуш” муниципалдык ишканасына 12 000,0 миң сом суммасында каражат каралсын.
13.Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинен Токмок шаарынын кварталдык комитеттеринин төрагаларына муниципалдык кызмат көрсөткөндүгү үчүн түзүлгөн эмгек келишимге ылайык каражат каралсын.
14. “Токмок Водоканалы” муниципалдык ишканасына “Токмок шаарынын суу менен камсыздоо жана канализациясын реабилитациялоо” долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын алдындагы кредитордук карызды графикке ылайык андан ары өздүк каражаттарынын эсебинен жабуу милдеттендирилсин.
15. Шаардын жергиликтүү бюджеттен каржыланган бюджеттик мекемелери шаардын бюджети бекитилген 14 күн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгашалар сметасын, штаттык түзүмүн жана чыгашалар беренелери боюнча чечмелөөнү сунуштоого милдеттендирилсин.
16. Шаардын бюджеттик мекемелерине атайын каражаттарды колдонууда казына системасын четтеп өтүүгө тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартипти бузган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынат.
17. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, Токмок шаарынын бюджеттик мекемелери тарабынан коммуналдык кызматтар боюнча (суу, электр энергиясы, жылуулук энергиясы, байланыш кызматтары үчүн төлөм) коюлган ченем катуу кармалсын.
18. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык, Токмок шаарынын мэринин резервдик фонду бюджеттик чыгымдын көлөмүнүн өлчөмү 2% чейин түзүлсүн – 3 000,0 миң сом.
19. Шаардын бекитилген бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаарынын мэрине (М.О.Нусувалиев) жүктөлсүн.
20. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч.К. Исаев |