Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-декабры № 842
Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик же муниципалдык уюмдардын тизмеги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 29-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик же муниципалдык уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-августундагы № 372 "Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик уюмдардын тизмеси жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Туугандардын бирге иштешине жол берилүүчү мамлекеттик же муниципалдык уюмдардын ТИЗМЕГИ
1. Мамлекеттик айыл чарба ишканалары, уюмдары же айыл жерлеринде жайгашкан айыл чарба боюнча илимий-изилдөө уюмдары (*).
2. Темир жол транспортунун линиялык ишканалары (*).
3. Байланыш уюмдарынын эксплуатациялык ишканалары (*).
4. Саламаттык сактоонун дарылоо-профилактикалык жана санитардык-профилактикалык мекемелери (*).
5. Билим берүү уюмдары.
6. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын райондорундагы илимий мекемелери.
7. Мамлекеттик театрлар, көркөм жамааттар жана студиялар.
8. Гидрометеорологиялык кызматтын тармактык уюмдары.
9. Геологиялык экспедициялар, партиялар, отряддар жана участоктор.
10. Токой жана суу чарба уюмдары.
11. Айыл жерлериндеги агартуу, саламаттык сактоо, социалдык камсыздоо уюмдары, маданий-агартуу мекемелери.
12. Жалпы пайдалануудагы жолдорго эксплуатациялоо жүргүзүүчү жол уюмдары (*).
13. Алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо курулушту ишке ашыруучу курулуш, курулуш-монтаждоо жана башка адистештирилген уюмдар, участоктор (*).
14. Көлмө, көл, балык өстүрүү чарбалары, балык заводдору, көбөйтүп-өстүрүүчү чарбалар жана балык питомниктери, балык чарбасынын башка ишканалары, мекемелери жана уюмдары (*).
(*) - башкы бухгалтерлердин жана кассирлердин кызмат орундарынан тышкары.