Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-марты №31/5-6
Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 1-январына карата эркин калдыктын эсебинен 33 622,7 миӊ сом суммасында акча каражаттарын максаттуу багытоого макулдук берүү жɵнүндɵ
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 26-февралындагы кириш №01‑07/41 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 26‑февралындагы отурумунун №7 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 1-январына карата жалпы суммасы 33 622,7 миӊ сомду түзгөн эркин калдык эсеби эске алынсын.
2. Токмок шаарынын мэриясынын тиркемесине ылайык иш-чараларды каржылоо үчүн эркин калдык каражаттарын максаттуу пайдаланууга макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын начальниги (М.Т.Эсеналиев) эркин калдык каражаттарын максаттуу багыты боюнча так бөлүштүрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Ч.К. Исаев |