Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-ноябры № 720
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн автотранспорт каражаттары менен ири көлөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу жана жүк ташуучу автомобиль ташууларынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 "Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан транспорттук каражаттарды өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн белгиленген ченемден ашкан транспорт каражаттарынын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразалоодо жана өлчөөдө жыйымдарды алуу тартибин жана Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан атайын жана бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Оор салмактагы жана чоң көлөмдөгү жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу транспорт каражаттарынын, атайын транспорт каражаттарынын автомобиль жолдоруна келтирген зыянынын жана залалынын өлчөмүн белгилөөнүн жана ордун толтуруунун тартибинде:
- 12-пункттун бешинчи, алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол органдарынын;
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун республикалык бюджеттин жана (же) инвестициялык каражаттардын эсебинен курууну, реконструкциялоону, капиталдык жана орточо оңдоону жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан тартылуучу подряддык уюмдардын.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 60 "Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелеринде:
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Атайын уруксат алуу үчүн документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-августундагы № 454 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунан бөлүнбөс жүгү бар транспорт каражаттарын, атайын транспорт каражаттарын өткөрүү жана өткөрүүдө жыйымдарды алуу тартиби менен белгиленет.";
- 21-пунктта "жана медициналык кароодон" деген сөздөр алып салынсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |