Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жыл 07-июну №13
Дуулатов Болотго эмгек акы берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин 07.06.2024-жылдагы №01-19/392 чыгыш сандуу Чаткал жайыт комитетинин төрагасынын 2024-жылдын март, апрель, май айларында иштегендиги үчүн эмгек акы төлөп берүү боюнча жазган кайрылусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя жана Чаткал айыл өкмөттөрүнүн аймактык биригүүсүнүн негизинде, Чаткал жайыт комитетинин төрагасынын 2024-жылдын март, апрель, май айларында иштегендиктен, жумуш күндөрүнө эмгек акысы мыйзамдуулук жагын кароо менен Каныш-Кыя жайыт комитетинин бюджетинен төлөнүп берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго тапшырылсын, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |