Редакцияот 10.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН V КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 10-марты №32/5-6

Токмок шаарынын калкын жылуулук энергиясын өндүрүүгө жана камсыздоого “Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы” муниципалдык ишканасынын иш жүзүндөгү чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн республикалык бюджеттен 464 166,9 миң сом суммасында максаттуу трансферттерди багыттоого макулдук берүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 6-мартындагы кириш №01‑07/49 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 7-мартындагы отурумунун №8 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу, “Каржылык эмес мамлекеттик ишканаларга субсидиялар” 2511 беренеси боюнча, Токмок шаарынын калкын жылуулук энергиясын өндүрүүгө жана камсыздоого “Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы” муниципалдык ишканасынын иш жүзүндөгү чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн республикалык бюджеттен 464 166,9 миң сом суммасында максаттуу трансферттерди багыттоого макулдук берилсин.

2. “Токмок жылуулук менен жабдуу ишканасы” муниципалдык ишканасынын директору (Чойбеков Р.К.) бөлүнгөн каражаттарды багыты боюнча так колдонсун.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ч.К. Исаев