Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 28-ноябры № 326
Жеке ишкердин социалдык контрактты ишке ашырууга катышуусу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө Убактылуу жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4- июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө (мындан ары – Министрлик)” токтому менен бекитилген Жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Жеке ишкердин социалдык контрактты ишке ашырууга катышуусу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүүнүн Убактылуу жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин. 2. 2026-жылдын 1-февралынан 2027-жылдын 31-майына чейин жеке ишкердин социалдык контрактты ишке ашырууга катышуусу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырсын.
3. Министрликтин Бишкек, Ош, Каракол шаарларында жана Баткен облусунун Кадамжай районундагы аймактык башкармалыктары Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын каражаттарын пайдалануу менен пилоттук долбоорду ишке ашырсын.
4. Министрликтин Иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгы:
- ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйрукту Министрликтин веб-сайтында мамлекеттик жана расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- буйрук кабыл алынган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде кабыл алынган буйруктун электрондук вариантын Укуктук маалыматтын борборлоштурулган базасына киргизүү үчүн электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлүшүн камсыз кылсын;
- пилоттук долбоорго катышкан мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча расмий жумушсуз катышуучулардын санын бөлүштүрүүнү аныктасын;
– ушул буйрукка ылайык пилоттук долбоорду ишке ашырсын;
– пилоттук долбоор аяктагандан кийин эки айдын ичинде талдоо жүргүзсүн жана сунуштарды даярдасын;
– пилоттук шаарлардын жана райондун калкынын арасында пилоттук долбоор жөнүндө маалыматтык кампанияны өткөрсүн;
– пилоттук долбоордун ишке ашырылышына ай сайын мониторинг жүргүзсүн.
5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде пилоттук долбоорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине ар тараптуу көмөк көрсөтүүсү сунушталсын.
6. Министрликтин пилоттук аймактык башкармалыктарынын башчылары буйрукту аткарууга алышсын.
7. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
8. Чечимдерди көзөмөлдөө жана административдик камсыздоо башкармалыгы ушул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.
9. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Министрдин м. а. |
| К.С. Досматов |