Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-февралы №29/4-6
Токмок шаары, Э.Сарбагышева, №123 дарегинде жайгашкан, аянты 708,0 ч.м. жер тилкесинин зоналдык категориясын “Ж-1Б” зонасынан “С-1” зонасына которууга жана “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25‑беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 21-январындагы кириш №01‑07/18 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 27‑февралындагы отурумунун №3 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2006-жылдын 26-апрелиндеги №146/28-1 токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелери жөнүндө” 25‑беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- “Токмок шаары, Э.Сарбагышева көчөсү №123 дарегинде жайгашкан, аянты 708,0 ч.м. жер тилкесинин зоналдык категориясын “Ж-1Б” (шаардык борбордук бөлугундөгу жеке турак жай курулушунун зонасы) зонасынан “С-1” (саламаттык сактоо, билим берүү, илим, дене тарбия жана спорт обьекттери) зонасына которулсун.”.
2. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин Өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Ч.К. Исаев |