Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-февралы №28/4-6
Токмок шаары, Өнөр жай аймагы, 50-лет Киргизии көчөсүндө, жалпы аянты 9658 чарчы метр өлчөмүндөгү жер участогунда жайгашкан административдик-тиричилик комплексин жана ашкана имаратын (мурдагы Радиозавод) “Токмок Водоканал” жана “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканаларынын колдонуудагы бюджеттик кредиттери боюнча 211,4 млн. сом суммасында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондго болгон карызын толук төлөөнүн эсебине мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 26-февралындагы кириш №01‑07/44 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 27‑февралындагы отурумунун №5 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаары, Өнөр жай аймагы, 50-лет Киргизии көчөсүндө, жалпы аянты 9658 чарчы метр өлчөмүндөгү жер участогунда жайгашкан административдик-тиричилик комплексин жана ашкана имаратын (мурдагы Радиозавод) “Токмок Водоканал” жана “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканаларынын колдонуудагы бюджеттик кредиттери боюнча 211,4 млн. сом суммасында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фондго болгон карызын толук төлөөнүн эсебине мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч.К. Исаев |