Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жыл 07-июну №14
“Т.Абдыкеримовдун кайрылуусун социалдык пакетке сунуштоо жөнүндө”
Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Курулуш айылынын тургуну Абдыкеримов Турсунбектин кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Курулуш айылынын тургуну Абдыкеримов Турсунбек 2022-жылдан бери бөйрөк орусууна чалдыгып, гемодиализ алып жаткандыктан, Туркия мамлекетине барып даарыланып келүүгө 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын социалдык пакетине сунушталсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын, көзөмөлдөө жагы Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жүктөлсүн.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |