Редакцияот 28.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКCИЗ IV СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 28-февралы №27/4-6

 

2025-2027-жылдардардын салык мезгилдеринде колдонуу үчүн турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 21-февралындагы кириш №01‑07/36 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 24‑февралындагы отурумунун №6 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2025-2027-жылдардын салык мезгилдеринде колдонуу үчүн турак жай имараттары жана жайлары үчүн салык ставкалары дубал материалдарын жана пайдаланууга берилген жылын эске алуу менен тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгы:

- турак жай имараттары жана жайлары үчүн салыгынын ставкаларын үч жылда бир жолу, учурдагы салык мезгилинин 1-октябрынан кечиктирбестен, ставка 1 (бир) чарчы метрге 100 (жүз) сомдон ашпоосун эске алуу менен, жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизсин;

- жергиликтүү бюджеттин салыктарын администрациялоону жакшыртуу аркылуу салыктарды жана жыйымдарды жыйноосун жогорулатуу боюнча чараларды көрсүн;

- салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча бекителген планды ай сайын ишке ашырсын;

- салыктар жана жергиликтүү бюджетке төлөмдөр боюнча карыздарды кыскартуу боюнча иштерди күчөтсүн.

3. Шаардын бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышын контролдоо Токмок шаарынын мэрине жүктөлсүн.

4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин Экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.

 

 

Төрага

Ч.К. Исаев