Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жыл 07-июну №16
“Каныш-Кыя муниципалдык ишканасынын 06.06.2024-жылдагы №1 чыгыш сандуу кайрылуусун жөнүндө”
“Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасынын башчысы М.Чонатаевдин 06.06.2024-жылдагы №1 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасына 2024-жыл үчүн 9 712 068 (тогуз миллион жети жүз он эки миң алтымыш сегиз) сом акча каражаты мыйзамдуулук жагын кароо менен субсидия катары бөлүнүп берилсин, штат бирдиги жана ичүүчү таза сууга болгон төлөмдөрдүн тарифи бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя муниципалдык ишканасынын башчысы М.Чонатаевге, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |