Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2025-жылдын 25-ноябры № 225-Б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-ноябрындагы №7-Б “Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускаманы бекитүү, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча типтүү формалары жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ченемдик укуктук актыларды “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 14-ноябрындагы №7-Б “Даттануулар жана кайрылуулар боюнча көз карандысыз комиссияны тандоо боюнча нускаманы бекитүү, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча типтүү формалары жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча типтүү формада:
- 5-бөлүмдүн 2.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2.5. Аванстык төлөм Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык берилет.”.
2. Укуктук камсыздоо башкармалыгы:
1) катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жарыяласын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти ушул буйрукка ылайык товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча сатып алуучу уюмдардын ишин координациялоону жана жөнгө салууну жүргүзсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары У.И. Календеровго жүктөлсүн.
5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
|
А.К. Бакетаев |