Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жыл 07-июну №17
ФАПка ысым ыйгаруу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Таш айылынын элдик жыйынынын протоколун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Таш айылынын тургуну, Ак-Таш айылынын ардактуу атуулу, Кыргыз Республикасынын медицинасынын отиличник төш белгисинин ээси Бекмуратов Имаштын ысымы Ак-Таш айылындагы ФАПка ыйгарылсын.
2. ФАПка ысымы берилген жарандын атын жазып, көрктөндүрүлүшүнө жана абалына көз салуу Бекмуратов Имаштын уул-кыздарына жана туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана Ак-Таш айылынын айыл башчысына тапшырылсын, көзөмөлдөө жагы Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жүктөлсүн.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |