Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жыл 07-июну №18
Азия Чемпионатына мелдешке катышып келүүгө
акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин 13.05.2024-жылдагы №01-19/164 чыгыш сандуу КР курама командасынын мүчөсү Башкы-Терек айылынын тургуну Назаркулов Кошалыга жана Бейшеналы уулу Ахуналыга акча каражатын бөлүп берүү боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө карштуу Башкы-Терек айылынын тургундары, Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөлөрү Наркулов Кошалы Назаркуловичке жана Бейшеналы уулу Ахуналыга Кытай Эл Республикасынын Макао шаарында өтө турган “Күжүрмөн самбо” күрөшү боюнча Азия Чемпионатына мелдешке катышып келүү үчүн ар бирине 100 000 (жүз мин) сомдон жалпы 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин социалдык тармактарга каралган акча каражатынан бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго тапшырылсын, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |