Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жыл 07-июну №19
“Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардан жардам сурап кайрылган жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ашырбаевдин сессиядан кароо боюнча жазган кайрылууларын жана маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун №2 протоколун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы турмуш шарты оор, ден соолугуна байланыштуу жана ар кандай багыттар боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинен 240 000 (эки жүз кырк миң) сом акча каражаты тиркемеде көрсөтүлгөн жарандарга бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго, көзөмөлдөө жагы маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |
Тиркеме
Каныш-Кыя айыл аймагындагы турмуш шарты оор, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жана ар кандай себептер менен акчалай жардам берүү боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IV сессиясынан колдоо тапкан акча каражаттары:
№ | ФИО | Айылы | Багыты | Бөлүнгөн акча каражаты |
1 | Сатыбекова Лаура | Жаңы-Базар | Уулун дарылантууга | 15 000 |
2 | Сейталиева Бүалима | Айгыр-Жал | Кызы Нуржамалды дарылантууга | 10 000 |
3 | Оморов Үсөн | Жаңы-Базар | Обондуу ырларын жайылтууга | 50 000 |
4 | Мирзабекова Айнура | Чакмак-Суу | Кызы Сезимайды дарылантууга | 15 000 |
5 | Баймырзаева Анара | Чакмак-Суу | дарылануусуна | 15 000 |
6 | Содкиева Онорхан | Коргон-Сай | дарылануусуна | 20 000 |
7 | Искендер кызы Уларкан | Чакмак-Суу | Уулун дарылантууга | 20 000 |
8 | Назалова Жаркынай | Кара-Булак | Кызын дарылантууга | 10 000 |
9 | Сманов Базарбай | Жаңы-Базар
| Көзүн операция жасатууга | 45 000 |
10 | Тургунова Касиет | Каныш-Кыя | дарыланууга | 10 000 |
11 | Абдыкеримов Турсунбек | Курулуш | Бөйрөгүн дарылантууга | 30 000 |
Жалпы: | 240 000 | |||
Төрага М.Ш. Аликеев