Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жыл 07-июну №20
“Партнер АиК ЖЧКсынын кайрылуусун кийинки сессияга
калтыруу жөнүндө”
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.С.Ашырбаевдин 06.05.2024-жылдагы №01-19/110 чыгыш сандуу “Партнер АиК” ЖЧКсынын генералдык директору К.Ж.Каримовдун 12.04.2024-жылдагы №01 катынын негизинде жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Партнер АиК” ЖЧКсынын генералдык директору К.Ж.Каримовдун 12.04.2024-жылдагы №01 Башкы-Терек айылындагы “Айчубак” балдар бакчасынын балдар ойноочу аянтчасын салууда курулуш иштеринин мантаждоо жумуштарынын айлык маянасына, курулуш материлдарына жана техникаларына жаңы индекске ылайык так эсептелинип кийинки сессияга сунушталсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Темирбековго тапшырылсын, көзөмөлдөө жагы бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |