Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын
2024-жыл 07-июну №21
“Чаткал райондук мамлекетти администрациясынын 27.02.2024-жылдагы №01-23/719 чыгыш сандуу Чаткал райондук прокуратурасынын билдирүүсүнүн негизиндеги катын кароо жөнүндө”
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 27.02.2024-жылдагы №01-23/719 чыгыш сандуу, Чаткал райондук прокуратурасынын 14.02.2024-жылдагы Чаткал айылдык кеңешинин №1 токтомун жокко чыгаруу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чаткал айылдык кеңеши” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашырууга каршы болгондуктан 14.02.2024-жылдагы №1 токтому жокко чыгарылсын.
2. Чаткал райондук прокуратурасынын 26.02.2024-жылдагы №11/1-54-24 чыгыш сандуу 14.02.2024-жылдагы Чаткал айылдык кеңешинин №1 токтомуна каршылык билдирүүсү канааттандырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, жаратылышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий Kanysh-Kya.gov.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: | М.Ш. Аликеев |