Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 31-декабры № 859
Иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин
категорияларынын тизмегин жана алардын
жумуш убактысынын узактыгын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 51, 194-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категорияларынын тизмеги жана алардын жумуш убактысынын узактыгы тиркеме ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-февралындагы № 39 “Иши өзгөчө мүнөздөгү кызматкерлердин категорияларынын тизмесин жана алардын иш убактыларынын узактыгын бекитүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-февралындагы № 39 “Иши өзгөчө мүнөздөгү кызматкерлердин категорияларынын тизмесин жана алардын иш убактыларынын узактыгын бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-январындагы № 1 (3761) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |