Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-февралы №25/4-6
Токмок шаары, Дубовицкий көчөсү, №92 дарегинде жайгашкан, аянты 546,0 ч.м. жер тилкесинин зоналдык категориясын “Р-1” зонасынан “Ц-1” зонасына которуу жана “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25‑беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 11-февралындагы кириш №01‑07/28 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 17‑февралындагы отурумунун №2 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2006-жылдын 26-апрелиндеги №146/28-1 токтому менен бекитилген “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25‑беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- “Токмок шаары, Дубовицкий көчөсү, №92 дарегинде жайгашкан, аянты 546,0 ч.м. жер тилкесинин зоналдык категориясын “Р-1” (шаардык парк зонасы) зонасынан “Ц-1” (шаардык борборунун коомдук, ишкердик жана коммерциялык активдүүлүк зонасы) зонасына которулсун.”.
2. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин Өнөр жай, курулуш.
Төрага |
| Ч.К. Исаев |