ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКCИЗ IV СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 28-февралы №26/4-6
Токмок шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги жана автотранспорттук каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 3-февралындагы кириш №01‑07/24 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча комиссиясынын 2025‑жылдын 7-февралындагы отурумунун №3 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги жана автотранспорттук каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы №128/23-5 токтому өз күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч.К. Исаев |