Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-февралы №23/4-6
Токмок шаарынын Манап-Бий көчөсүнүн, №35 дарегинде жайгашкан мурдагы даарылоо-профилактикалык “Профилактория” мекемесине (комплексине) жанаша жайгашкан жер тилкелери жана турак эмес жайлар объектилери менен Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 18-февралындагы кириш №01‑07/31 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча комиссиясынын 2025‑жылдын 20-февралындагы отурумунун №4 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын Манап-Бий көчөсүнүн, №35 дарегинде жайгашкан мурдагы даарылоо-профилактикалык “Профилактория” мекемесине (комплексине) жанаша жайгашкан жер тилкелери жана турак эмес жайлар объектилери менен Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берилсин:
- жалпы аянты 5318 ч.м. жер участогу, анын ичинен турак эмес жайлардын пайдалуу аянты 650 ч.м.;
- жалпы аянты 5000 ч.м. жер участогу, анын ичинен турак эмес жайлардын пайдалуу аянты 529,7 ч. м.;
- жалпы аянты 3501 ч.м. жер участогу.
2. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч.К. Исаев |