Редакцияот 28.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКCИЗ IV СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 28-февралы №22/4-6

 

Токмок шаарынын 2-кичи районунда жайгашкан 9000,0 ч.м., жанаша жер тилкеси, идентификациялык коду №7-10-08-0054-0133 болгон 10 кызматтык үйдү Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 16-январындагы кириш №01‑07/16 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча комиссиясынын 2025-жылдын 31‑январындагы отурумунун №2 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Токмок шаарынын 2-кичи районунда жайгашкан 9000,0 ч.м., жанаша жер тилкеси, идентификациялык коду №7-10-08-0054-0133 болгон 10 кызматтык үйдү Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ч.К. Исаев