Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-декабры № 177
№ 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы № 272 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгы менен 2025-жылдын 30-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-октябрындагы № 88 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары бекитилген.
№ 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 102 шайлоо участогу түзүлгөн.
Округдагы шайлоочулардын тизмесине 149255 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгө 49363 шайлоочу катышты, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 35,07% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 44230 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 29,63% түздү.
5133 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин 3,44% түздү.
№ 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 14 талапкерди каттады. Бир талапкердин каттоосу жокко чыгарылган. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 13 талапкер катышты.
№ 17 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Асаналиев Аскат Уланбекович - 1717 добуш (3,53%);
2. Азыгалиев Нурланбек Асанбекович - 12020 добуш (24,71%);
3. Жанузакова Кыял Байышевна- 739 добуш (1,52%);
4. Чыныбаева Айжан Адамкалиевна - 3943 добуш (8,11%);
5. Эсенаманова Чолпон Замирбековна - 4714 добуш (9,69%);
6. Узакбаев Улукбек Камчибекович - 10766 добуш (22,13%);
7. Сабырбекова Ырыс Сабырбековна - 800 добуш (1,64%);
8. Манамкулов Дастан Майрамбекович - 618 добуш (1,27%);
9. Нурмухамедов Эрназар Муратбекович - 1284 добуш (2,64%);
10.
11. Камчыбеков Адилет Сабырбекович - 901 добуш (1,85%);
12. Касаналиева Жылдыз Остемировна - 683 добуш (1,40%);
13. Чойбеков Бактыбек Каныбекович - 8026 добуш (16,50%);
14. Курманалиева Койсун Аблабековна - 1182 добуш (2,43%);
15. "Баарына каршы" - 1247 добуш (2,56%).
№ 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко жалпы 12 арыз (даттануу) келип түштү.
Кабыл алынган чечимдер 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу даттануулардын жана мыйзам бузуулардын реестрине киргизилди (https://shailoo.gov.kg/ru/reestr-zhalob-i-narushenij-na-dosrochnyh-vyborah-deputatov-zhogorku-kenesha-kr-naznachennyh-na-30 noyabrya-2025-goda/).
№ 17 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 4-декабрындагы № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 64-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
2. № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. № 17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттары болуп таанылсын:
- Азыгалиев Нурланбек Асанбекович;
- Узакбаев Улукбек Камчибекович;
- Эсенаманова Чолпон Замирбековна.
4. Ушул токтом "Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |