Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы № 795 токтомуна) |
Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын аныктоо тартиби (мындан ары - Тартип) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маркумду узатуу маселелери боюнча адистештирилген кызматтары, тиешелүү муниципалдык ишканалар (уюмдар) тарабынан сөөктү жайга коюу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө тарифтерди түзүү үчүн бирдиктүү методикалык көрсөтмө болуп саналат.
Жөнгө салуунун укуктук аныктыгын жана системалуулугун камсыз кылуу максатында бул Тартип сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүнө тарифтерди белгилөө жол-жобосун координациялайт:
- сөөктү жайга коюуга керектүү документтерди тариздөө;
- сөөктү жайга коюу үчүн зарыл болгон гробду, кепинди, табытты берүү жана жеткирүү;
- сөөктү кепиндөө;
- маркумду көрүстөнгө (крематорийге) жеткирүү, расымдык транспортту берүү;
- сөөктү жайга коюу (мүрзөнү казуу жана көмүү), кийин колумбарийге же аза дубалына көмүү үчүн күл салынган урнаны берүү менен кремация.
Ушул Тартиптин колдонулушу сөөктү жайга коюу иши маселелери боюнча адистештирилген кызматтарга жана сөөктү жайга коюу кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайылтылат.
2-глава. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди макулдашуу жана бекитүү тартиби
2. Сөөктү жайга коюу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө тарифтерди макулдашуу үчүн сөөктү жайга коюу иши боюнча адистештирилген кызматтар, тиешелүү муниципалдык ишканалар (уюмдар) тарабынан монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө төмөнкүдөй материалдар берилет:
- коштомо кат (эркин формада);
- тарифтердин прейскурантынын долбоору эки нускада;
- ишканалардын (уюмдардын) негизги техникалык- экономикалык жана финансылык көрсөткүчтөрү;
- баланстык отчет;
- суммалык жана сандык туюнтууда колдонуудагы тарифтерди колдонууну талдоо;
- чыгымдар калькуляциясы;
- калькуляциянын көрсөткүчтөрүнүн салыштырма таблицасы (иш жүзүндөгү нарк, өткөн мезгилдеги нарк, колдонуудагы ченемдер боюнча нарк);
- баалардын (тарифтердин) деңгээли өзгөргөндө себептерин негиздөө;
- пайданын (рентабелдүүлүктүн) кабыл алынган көлөмүн негиздөө;
- түшүндүрмө кат (анын ичинде жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн мүнөздөмөсү).
Алынган материалдар монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аткаруучусу тарабынан алгач берилишинин толуктугу жана таризделишинин тууралыгы текшерилет.
Эсептик материалдар бир нускада, баалардын (тарифтердин) прейскурантынын долбоору эки нускада берилет. Электрондук түрдө берилүүчү бардык документтер жетекчинин жана башкы бухгалтердин колу коюлган түп нускалардын сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөрү болушу жана субъекттин мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек. Көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбеген документтер каралбастан кайтарылып берилет.
Аталган материалдар электрондук түрдө электрондук документ жүгүртүү "Infodocs" системасы же расмий электрондук почта аркылуу берилет (кол тамгалары жана мөөрлөрү бар сканерден өткөрүлгөн көчүрмөлөр).
3. Берилген материалдардын тууралыгы жана аныктыгы үчүн сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөткөн ишкананын (уюмдун) жетекчиси жоопкерчилик тартат.
4. Ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн материалдар болбогон учурда берилген материалдар монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан каралбайт.
Документтерди жеткире иштеп чыгууга берүүдөн баш тартуу же кайтаруу сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишканага (уюмга) алар монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирилбестен жиберилет жана жетишпеген же жеткире иштеп чыгууну талап кылган документтердин жана маалыматтардын тизмегин камтууга тийиш.
Эсептик материалдарды кароонун жүрүшүндө зарылдыгына жараша кошумча маалыматтар жана башка документтер, анын ичинде баалардын (тарифтердин) деңгээлин жана рентабелдүүлүктү тактоо жана аныктоо үчүн зарыл болгон финансылык документтер талап кылынышы мүмкүн. Кошумча маалыматтарды жана башка документтерди берүү мөөнөтү катты алган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндөн ашпоого тийиш.
5. Берилген материалдар монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тарабынан ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн бардык эсептик материалдар келип түшкөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө каралат.
6. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишканалар (уюмдар) тарифтерди макулдашуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин бир жумалык мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына тарифтерди берүүгө милдеттүү.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы макулдашылган тарифтерди алган күндөн тартып эки жуманын ичинде тарифтерди бекитүү жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алат же болбосо аларды бекитүүдөн жүйөлүү, экономикалык жактан негизделген баш тартууну сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишканага (уюмга), ошондой эле монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнө жиберет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жеңилдетилген тариф менен эсептешүү тарифинин ортосундагы айырманын ордун жергиликтүү бюджеттин эсебинен толтурган шартта жарандардын социалдык жактан аялуу категориялары үчүн жеңилдетилген тарифтерди белгилөөгө укуктуу.
Расымдык (сөөктү жайга коюуга) жөлөкпулдар мамлекеттик жөлөкпулдар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
Тарифтер сөөктү жайга коюу иши боюнча адистештирилген кызматтын, тиешелүү муниципалдык ишкананын (уюмдун) сунушу боюнча чыгымдар өзгөргөндө жана алардын негиздүүлүгү ушул Жободо белгиленген тартипте кайра каралганга чейин колдонулат.
8. Тарифтерди бекитүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык сөөктү жайга коюу боюнча акысыз же жарым- жартылай субсидияланган кызматтарды алууга социалдык жактан аялуу жана жеңилдетилген категориядагы жарандардын укуктарын камсыз кылуу зарылдыгын эске алууга милдеттүү.
9. Тарифтерди бекитүүдөн жүйөлөштүрүлгөн баш тартуу алынган учурда сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишкана (уюм) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тиешелүү жүйөлөрүн карап чыгат жана ушул Тартиптин талаптарына ылайык тарифтерди макулдашууну жана бекитүүнү кайрадан демилгелейт.
3-глава. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүнүн өздүк наркына киргизиле турган чыгымдардын курамы
10. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди эсептөөдө өздүк нарктын курамына тиешелүү кызматтарды көрсөтүү менен түздөн-түз байланышкан экономикалык жактан негизделген жана документтер менен ырасталган чыгымдар киргизилет.
Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркына киргизилүүгө тийиш болгон чыгымдарга төмөнкүлөр кирет:
- эмгек акы төлөө чыгымдары;
- материалдарга жана ага тиешелүүлөргө чыгымдар;
- транспорттук чыгымдар;
- башка уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнө чыгымдар;
- негизги каражаттардын амортизациясы;
- коммуналдык чыгымдар;
- административдик чыгымдар.
Анын ичинде жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларына жеңилдетилген жана субсидияланган кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан чыгымдар.
11. Эмгек акы төлөө чыгымдарында Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык штаттык расписаниеге, эмгек келишимине ылайык эсептелген иш жүзүндө аткарылган жумуш үчүн эмгек акы төлөөгө, сый акыларды, тарифтик ставкаларга үстөктөрдү, өргүү акыларын, дем берүүчү төлөмдөрдү жана компенсацияларды төлөөгө кеткен чыгымдар чагылдырылат.
12. Материалдарга жана ага тиешелүүлөргө кеткен чыгымдарда сөөктү жайга коюу үчүн буюмдардын чыгымдары: савандар (кепиндер), табыттар, төшөөчү, жабуулар, табличкалар, гүлчамбарлар жана диний таандыктыгы боюнча айырмалоочу белгилер (туугандарынын каалоосу боюнча); чыгымдалуучу материалдар (жип, кездеме, кол кап, дезинфекциялоочу жана жуугуч каражаттар); мүрзөнү көмүү жана жайгаштыруу үчүн материалдар (кыштар, кум ж.б.) чагылдырылат.
13. Транспорттук чыгымдар сөөктү ташуу, расымдык коштоо жана персоналды (атайын машина, катафалк ж.б.) ташуу үчүн транспорт каражаттарын пайдаланууга кеткен чыгымдар, күйүүчү майга, оңдоого жана техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдар чагылдырылат.
14. Башка уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүнө чыгымдарда келишим боюнча уюмдарды же адамдарды мүрзө казууга, ырым-жырым аземин уюштурууга, куран окууга, ар кандай конфессиялардын талаптарына ылайык диний коштоого, сөөктү жуу үчүн жайларды берүүгө, сөөктү алып чыгууга, диний талаптарга ылайык сөөк коюуга даярданууга кеткен чыгымдар чагылдырылат.
15. Негизги каражаттардын амортизациясында негизги каражаттардын амортизациялык чегерүүлөрүнүн суммасы Кыргыз Республикасынын Салык кодексине жана бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык же имараттарды, жайларды (анын ичинде сөөктү жуу үчүн жайларды, расымдык залдарды), жабдууларды жана кызмат көрсөтүүдө пайдаланылуучу башка негизги каражаттарды эксплуатациялоо мөөнөтүнө жараша чагылдырылат.
16. Коммуналдык чыгымдарда сууга (анын ичинде ырым-жырым менен жуу үчүн), электр энергиясына, жылытууга, канализацияга жана башка коммуналдык кызматтарга акы төлөөгө кеткен чыгымдар чагылдырылат.
17. Административдик чыгымдарда жалпы башкаруу менен байланышкан чыгымдар чагылдырылат, анын ичинде:
- башкаруучу жана жалпы чарбалык персоналга кирген кызматкерлерге эмгек акы төлөө;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык жана медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр;
- администрациялык башкаруу аппаратын, кызматкерлерди күтүү, аларды материалдык-техникалык жана транспорттук тейлөө;
- банктын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө;
- канцелярдык, типографиялык, почталык, телеграфтык жана телефондук чыгымдар;
- санитардык-гигиеналык талаптардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча чыгымдар.
18. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн өздүк наркына төмөнкүлөр кирбейт:
- материалдык жардам, турак жайды жакшыртууга пайызсыз ссуда жана башка социалдык төлөмдөр;
- дарыланууга жана эс алууга, экскурсияга жана саякатка жолдомолорго ж.б. төлөө;
- эмгек акы менен түздөн-түз байланышпаган төлөмдөрдүн башка түрлөрү;
- соттук чыгымдар;
- финансылык-чарбалык ишти текшерүү менен байланышкан чыгымдар;
- чарбалык ишти бузгандыгы үчүн айыптар, туумдар жана санкциялардын башка түрлөрү;
- уурдоодон келип чыккан зыяндар;
- демөөрчүлүк/кайрымдуулук жардамдарынын бардык түрлөрүн көрсөтүү;
- турак жайга, жатаканага төлөө;
- сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга түздөн-түз тиешеси жок башка чыгымдар.
Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн (тарифтердин) наркына кошулган каражаттарды багыты боюнча эмес чыгымдоого;
- сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына (тарифке) кошулбаган ишти жүзөгө ашырууга.
19. Тарифтердин наркын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:
Т = С + Н + Р, мында:
Т - тариф;
С - өздүк наркы (материалдар, эмгек акы, транспорт ж.б.);
Н - салыктар жана милдеттүү жыйымдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы салык мыйзамдарына ылайык аныкталат;
Р - рентабелдүүлүк монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бекиткен чектерде белгиленет.
Тарифтерди эсептөөдө жана кайра кароодо инфляциялык процесстер, материалдык ресурстарга, энергия булактарына баалардын өзгөрүшү, эмгек акынын деңгээли, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын өздүк наркына таасир этүүчү башка жагдайлар эске алынат.
4-глава. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгын мамлекеттик контролдоо
20. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди түзүүнүн жана колдонуунун тууралыгына жана ушул Тартиптин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү жүргүзөт.
5-глава. Ушул Тартипти бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
21. Ушул Тартипти бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчилик жүктөлөт.
22. Ушул Тартипти бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке тартуу менен бир эле мезгилде монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү тиешелүү жазма буйрук берет. Жазма буйрукту аткаруу мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндөн ашпоого тийиш.
6-глава. Чечимдерди даттануу тартиби
23. Сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишкана (уюм) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн чечимине административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу. Административдик даттануу боюнча чечим менен макул болбогон учурда сөөктү жайга коюу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишкана (уюм) сотко кайрылууга укуктуу.